Калыс-Ордо конушунун түндүк-батыш тарабында (7 гектар) борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун катышуусунда социалдык объектилерди курууга капсула салынды.

19-майда Калыс-Ордо конушунун түндүк тарабында социалдык объектилердин курулушуна капсула салуу салтанаттуу аземи болуп өттү.

Бул аймакта мектепти, фельдшердик-акушердик пунктту жана калктын аз камсыз болгон жана социалдык жактан аялуу катмары үчүн 30 жеке турак жайды куруу пландаштырылууда.

Курулуш арабдардын “Ассанабил” кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланат.

Белгилей кетсек, «Ассанабил» коомдук кайрымдуулук фонду 2004-жылы түзүлүп, төмөнкү багыттар боюнча иш алып барат:

- билим берүү жана илим тармагында - республикада 55 мектеп курулду;
- медицина тармагында - Кыргызстанда бардыгы болуп 120 медициналык клиника курулган;
- коомдун социалдык абалын жакшыртуу жана өнүктүрүү жаатында - Кыргызстандын бардык аймагындагы балдарга ай сайын жөлөкпул, кеңсе буюмдарын, кышкы кийимдерди сатып алуу ж.б. (4200 балага жакын).