Өзбекстан Республикасынан шаар тургундарына белек катары 1 жылдык 100 миң гүл борборго келди. Эскерте кетсек, мэр Эмилбек Абдыкадыровдун Наманган шаарындагы Эл аралык Гүл фестивалына баруусунун жыйынтыгында 500 миң 1 жылдык гүлдү Бишкек шаарына белекке берүү боюнча макулдашылган. Ошондой эле, гүл менен кошо Наманган шаарынан вице-мэри Абдулбомит Исмаилов, жергиликтүү турак жай-коммуналдык чарба башкармалыгынын кызматкерлери, агрономдор, багбандар жана адистер келишти. Аларды "Балалык" сейил багында Бишкек шаарынын вице-мэри Олег Попиков жана "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын жетекчиси тосуп алды. Наманган шаарынан келген 30га жакын жашылдандыруу чарбасынын кызматкерлери 1 жылдык гүлдөрдү отургузуунун тажрыйбасы жана атайын технологиясы менен бөлүшүүдө. Таң эрте эл аралык жашылдандыруу командасы жергиликтүү адистер менен биргеликте жаңы парктын гүлзарларына белекке берилген гүлдөрдү отургузушууда. Учурда паркта 100дөн ашык жашылдандыруучу иштеп жатат. Белгилей кетсек, гүлзарлардын жасалгалоосу Өзбекстандан келген адистер тарабынан иштелип чыккан. Эске салсак, "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасы сейил бакты көрктөндүрүү боюнча, сугаруу системасын орнотуу, топуракты тегиздөө, көрктөндүрүү үчүн даярдоо иштерин, парктын аймагын отоо жана башка бир катар иштерди жасаган.