Фестивалдын катышуучулары түркүн түстүү кийимдери менен борбор калаанын мэриясынан Эмен паркына чейин жөө басышты.

«Ала-Тоо» кинотеатрынын алдындагы аянтчада Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда иш-чаранын салтанаттуу ачылышы болду.

Андан соң иш-чара майрамдык концерт менен уланып, шаардыктар үчүн көргөзмөлөр, мастер-класстар, оюндар көрсөтүлдү.

Иш-чаранын алкагында, Эл аралык Дельфий оюндарынын жеңүүчүлөрүнүн “Кийим дизайны.  Мода" көргөзмөсү өткөрүлдү.