Шаар башчысы капиталдык курулуш башкармалыгы жана коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын тарабынан курулуп жаткан 9 объектте болду.

“Алтын-Ордо” конушунда жалпы билим берүүчү мектептин курулушу 85% га аяктады. Бардык блоктордо буу казанын жана пайдубалды орнотуу, каркасты, дубалдарды, полдорду, чатырларды куруу, электр жумуштары аяктады. Ошондой эле буу казаны, кампа, сырткы дааратканалар курулуп, сырткы суу түтүктөрү жана канализация тармактары орнотулду. Ички жана тышкы жасалгалоо иштери, вентиляцияны монтаждоо, жылуулук трассасын орнотуу, аймакты көрктөндүрүү жана мекеменин периметри боюнча тосмо куруу иштери жүргүзүлүүдө.

“Рухий-Мурас” конушунда жалпы билим берүүчү мектептин курулушу 40% га аяктады. Ошентип, котлован жана пайдубалдын таманын, тирөөч дубалдарына жана фундаменттик негиздерине бетон куюп, алкактарды (колонкалар жана ригельдер, экинчи кабаттын 1,2 блогу жана конференц-зал) орнотуп бүттүк. Бул биринчи жана экинчи блок, кампанын пайдубалы жана от жагуучу бөлмө, спорт залынын дубалдарын төшөө үчүн 2-кабат каркас куруу процессинде.

“Ак-Босого” конушунда жалпы билим берүүчү мектептин курулушу 20% га аяктады: үч блокто котлован орнотуу, подетонкалар, бетон плиталар, суу түтүктөрүнүн сырткы тармактары, 2,3 блоктордун тирөөч дубалы жана аймакты кургатуу үчүн дренаждык тармактарды орнотуу. Учурда, спорттук жана окуу бирдигинин тирөөч дубалдарын түзүү иштери болууда.

“Мурас-Ордо” конушунда жалпы билим берүүчү мектептин курулушу 87% га аяктады: тышкы жана ички дубалдарды орнотуу, ички жана тышкы дубалдардын бетин шыбоо, дубалдарды жана шыптарды шпаклевка салуу жолу менен тегиздөө. Ошондой эле тышкы инженердик тармактарды орнотуу аяктады. Аймакты жылытуу, желдетүү, суу түтүктөрү жана канализация, көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

“Көлмө” конушунда жалпы билим берүүчү мектептин курулушу 40% га аяктады: 5 блокто котлован орнотуу, подбетонкалар, 2 блок тыгыздалган пайдубалды кайра толтуруу, тирөөч дубалдарын орнотуу, аймакты кургатуу үчүн дренаждык тармак.

№ 35 орто мектепте спорт залы курулуп жатат, ал жерде курулуш иштери 35% аяктады. Долбоорлонгон имараттын жалпы аянты 933 м2, спорт залы эки блоктон турат: спорт залынын жанындагы жана долбоорлонгон объектини учурдагы мектеп менен байланыштырган жалпы тамбур.

Мектепте 8 метр белгисиндеги ригелдерди орнотуу, мектептин айланасында тосмолорду орнотуу, чуркоо жолунун түбүн орнотуу жана имараттын фермаларын жасоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Курулуш иштери үчүн “Капитал Курулуш” ЖЧК подряддык уюму менен келишим түзүлдү.

№76 орто мектебинин имаратын күчөтүү жана капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат. Бул жерде иш 71% аяктады. Мектеп 360 окуучуга ылайыкталган. Имараттын конструкциясы-2 кабат, Жалпы аянты-2341 м2. Учурда тирөөчтөрдү орнотуу, сырткы дубалдарды торкеттөө, терезелерди жана эшиктерди бекемдөө, тосмолорду орнотуу жана дубалдарды кошумча бекемдөө иштери жүрүп жатат. Курулуш иштерин “Арай” ЖЧК подряддык уюму жүргүзүүдө.

№73 орто билим берүү мектебинин аймагында 3 кабаттуу окуу корпусу курулуп жатат. Курулуш иштери 35% аяктады. Корпус 525 окуучуга ылайыкталган. Имараттын конструкциясы-3 кабат, жалпы аянты – 4 652 м2.

Курулуш иштерин “Адис строй” ЖЧК подряддык уюму жүргүзүп жатат, анда азыркы учурда сырткы даараткананы куруу, сырткы суу түтүгүн жана канализацияны орнотуу, рамаларды (колонна, 2-кабаттагы ригелдерди) орнотуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Ошондой эле, 3-кабаттагы алкактарды көрктөндүрүү жана жайгаштыруу боюнча жер иштери башталды.

№6 АОТКнын аймагында спорттук жана конференц-залы бар окуу корпусун куруу 30% аяктады. Корпус 3 кабаттан турат, долбоорлонгон корпустун жалпы аянты 2 040,1 м2. Корпустун имаратында спорт, конференц-залдар, бий залдары жана китепкана каралган.

Мектептин кубаттуулугу 620 окуучуга эсептелген, иш жүзүндөгү кубаттуулугу – 2 150 окуучуга ылайыкталган.

Курулуш иштерин “Капитал Курулуш” ЖЧК подряддык уюму жүргүзүүдө. 2-кабаттын алкагынын түзүлүшү (кабаты, колонналары, ригелдери), 3,3 м белгисиндеги полдун экинчи катмарынын түзүлүшү боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.