Борбор калаанын мэриясы курулуп жаткан жолдорго пресс-тур уюштурду.

Журналисттер «Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун (фаза-2) алкагында КЭР грантынын эсебинен реконструкцияланып жаткан 4 көчө менен таанышты.

Жолду реконструкциялоо боюнча долбоорлор «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемеси тарабынан берилген архитектуралык-пландоо шарттарынын негизинде иштелип чыгып, экологиялык жана мамлекеттик экспертизадан өткөн.

Ошондой эле, Турусбеков көчөсүндө Ташкент көчөсүнөн Боталиев көчөсүнө чейин оңдоо иштери кызуу жүрүп жатат. Жолдун жалпы узундугу 2340 метр, жүрүүчү бөлүктүн туурасы 9 метр, тротуарлардын туурасы эки тарабында 1,5-2,25 метрди түзөт.

Панфилов көчөсүндө Медеров көчөсүнөн ЧЧКга чейин курулуш уланууда. Жолдун жалпы узундугу 780 метр, жүрүүчү бөлүктүн туурасы 9 метр, тротуарлардын туурасы эки тарабында 3,0 метрди түзөт.

Орозбеков көчөсүндө  Түгөлбай-Ата көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейин жаңыланууда. Жолдун жалпы узундугу 290 метр, жүрүүчү бөлүктүн туурасы 8 метр, тротуарлардын туурасы 1,5 метрди түзөт.

Кулатов көчөсүнүн Каракуль көчөсүнөн Байтик-Баатыр көчөсүнө чейинки бөлүгүндө да иштер уланууда. Жолдун жалпы узундугу 1400 метр, жүрүүчү бөлүктүн туурасы 9 метр, тротуарлардын туурасы ар бир жүрүүчү бөлүктүн эки тарабында 2,25-3,0 метрди түзөт.