Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын жана конокторун Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайт.

Бүгүн Чуңкурчак жайлоосунда Эгемендүүлүк күнү белгиленип, райондук администрациялардын, шаардык кызматтардын кызматкерлери Бишкек Ордосун ачышты.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров  калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыров менен биргеликте Бишкек Ордосунда мейман болуп кетишти.

Чуңкурчак жайлоосунда орнотулган  этно шаарча шаңга толуп, кыргыз улуттук каада-салт, үрп- адаттары көрсөтүлүп, майрамдык иш-чара өткөрүлдү.