Бүгүн, 31-августта өлкө эгемендүүлүгүнүн 31 жылдыгын белгилөөдө. Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият, туризм, спорт жана жаштар департаменти Ала-Тоо аянтында концерт уюштурду.

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиев  борбор калаанын тургундарын жана конокторун куттуктап, бакубатчылык каалады.

Кыргыз эстрада жылдыздары патриоттук ырларды ырдашып, ансамблдер жана топтор бий номерлерин элге тартуулашты.  Шаардыктарды Керим Турапов, Жанар Туратова, Фарида Омурзакова, Сайкал Садыбакасова, Каныкей Раймалиева, Александр Волкодав,  Руслан Асанкан,  Jax, Иса Омуркулов , Мирбек Атабеков, Азат Раимбердиев, Бек Исраилов, Абир Касенов, Женя Отрадная и Сьездбек Искеналиев жана башка ырчылар куттуктап, жагымдуу чыгармаларды  аткарышты.

Ошондой эле «Семетей» ансамбли, Will be бий тобу бий тартуулашты.

Кыргызстандыктарды космостон дагы куттукташты. "Роскосмос" космонавты Сергей Корсаков бизге видео аркылуу кайрылып, эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

Бишкек шаарынын мэриясы дагы бир жолу Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайт! Бардык жарандага бейпил асман, бакубатчылык каалайт!