Муниципалитетте борбордун мэри Эмилбек Абдыкадыровдун жана КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаевдин катышуусу менен социалдык контракттын негизинде социалдык жардамдын алкагында долбоордун катышуучуларына сертификаттарды тапшыруу аземи болуп өттү.

Долбоорлорду тандоо үчүн борбордун акимияттарында социалдык маселелер боюнча комиссиялар түзүлүп, алар үй-бүлөлөрдүн бизнес-пландарын тандап, баалашты. Социалдык келишимди түзүү  укугуна  иш жүзүндө жашаган жери боюнча «үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун  алуучулар ээ.

Ошондой эле социалдык келишимдин негизинде социалдык жардам көрсөтүү боюнча убактылуу комиссия түзүлгөн. Убактылуу комиссиянын курамына Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, шаардык кызматтардын жана өкмөттүк эмес сектордун өкүлдөрү кирди.

Бишкек шаарынын мэриясынын убактылуу комиссиясынын отурумунун жыйынтыгы боюнча 75 арыз каралып, алар тарабынан социалдык контракт түзүү үчүн жалпы суммасы 6,4 млн сомго же ар бир үй-бүлөгө 100 миңден арыз жактырылды.

Катышуучулардын берилген бизнес-пландарына ылайык 65% тигүү жабдууларын сатып алууга, соода ишин уюштурууга - 13 %, кызмат көрсөтүүгө - 10 %, кондитердик азыктарды даярдоого - 7% жана жаңы технологияларды киргизүүгө - 3% багытталган.

Белгилей кетсек, социалдык контракттын негизинде социалдык жардам программанын мазмунуна ылайык үч жылдык мөөнөткө дайындалат жана төмөнкү максаттарды көздөйт:

- үй-бүлөлөргө турмуштук оор кырдаалды жеңүү боюнча активдүү аракеттерге дем берүү;
- социалдык коргоо системасынан жетиштүү көз карандысыздыкка ээ болуу жана коомдун жашоосуна толук катышуу максатында үй-бүлөлөрдүн жашоо деңгээлин жогорулатууга түрткү берүү;
- үй-бүлөлөрдүн эркин эмгек жана мүлктүк потенциалын коомдук пайдалуу ишке тартуу;
- үй-бүлөлөрдүн социалдык жоопкерчилигин жогорулатуу жана алардын жүрүм-турумунун көз каранды мотивин азайтуу;
- чакан ишкерликти өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
- жаңы жумуш орундарын түзүүгө дем берүү.

Маалымдама: Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, аларды турмуштук оор кырдаалдан чыгуу боюнча жигердүү кадамдарга үндөө максатында үй-бүлөлөрдү колдоо жана чакан бизнести өнүктүрүүгө дем берүү механизми бекитилди. Механизм Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы №385 “Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө” токтому менен бекитилген.