Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарынын Жал-29 кичи районундагы бала бакчанын ачылыш аземине катышты.

Акылбек Жапаров балдарды жана ата-энелерди кубанычтуу окуя менен куттуктап, аталган бала бакча Мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасынын алкагында курулгандыгын белгиледи.

«Биз Президенттин  тапшырмасын аткардык. Белгилүү болгондой, борбордо мектеп жана бала бакчалардын жетишсиздиги маселесин чечүү максатында 15 мектептин жана 1 бала бакчанын курулушу башталган. Бул тапшырманы аткаруу үчүн жалпысынан 3 млрд сом бөлүнсө, анын ичинде мамлекеттик бюджеттен 2,5 млрд сом бөлүнгөн. Бүгүн биз жаңы бала бакчаны ачып жатабыз. Быйылкы жылы 86 билим берүү объектисинин курулушу жыйынтыкталат. 35 бала бакчанын курулушу жүрүп жатат, ал эми 6 бала бакчада капиталдык оңдоо иштери жүрүүдө», - деди ал.

Министрлер Кабинетинин башчысы кошумчалагандай, бала бакчадагы тарбиячылардын айлык акысы эки эсеге жогорулатылып, 25 миң сомду түзөт. Ал эми кенже жана техникалык кызматкерлердин айлыгы үч эсеге жогорулатылды

«Билим берүү системасында биз 12 жылдык окууга өтүү боюнча реформаны баштаганы турабыз. Бала бакчанын жогорку топто иштеген тарбиячылары, педагогдору реформанын баштоочуларынан болосуздар. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык,  2022-жылдын 1-августуна карата элдин саны 6 млн 977 миң адамды түздү. Кыргызстанда быйыл 7 миллионунчу жаран төрөлөт. Өлкөбүздө кубанычтуу окуялар көп болуп, балдарыбыздын келечеги кең болсун», - деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Маалымдама: Бала бакча 140 орунга ылайыкталган. Имараттын жалпы аянты 1484 м2. Долбоордун сметалык наркы 88 499,0 миң сомду түзөт.