Борбор калаада Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров жана мэр Эмилбек Абдыкадыровдун катышуусунда Мурас-Ордо жаңы конушундагы 660 орундуу №99 мектептин ачылыш аземи болуп өттү.

Мектепте инженердик тармактарды орнотуу менен курулуш-монтаждоо иштери жүргүзүлүп, аймагы көрктөндүрүлдү. Мектептин тегерегине  тосмо орнотулду.

Мектепти «Ясин-Курулуш» ЖЧК  подряддык уюму  курган.

Мектептин курулушуна жана жабдылышына 135,7 миллион сом каражаты жумшалган.

Мурас-Ордо конушунда жашаган 1600 окуучунун билим алуусу үчүн   43 класс керектүү жабдуулар менен камсыздалды. Учурда  63 мугалим окуучуларга билим берүүдө.

Эске салсак, буга чейин Мурас-Ордо конушунун окуучулары Озерное айылындагы мектепте жана №86 орто мектепте барып билим алып келишкен.Окуучуларды ташуу үчүн «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканасынын 3 автобусу тартылган.

Эми кичинекей бишкектиктер мектепке жөө барып, билим алышууда.