Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров Баткен облусундагы мамлекеттик чек ара тилкесиндеги жаңжалда жабыркагандардын ал-акыбалын сурады.

Калаа башчысы Кыргыз Республикасынын Клиникалык тез жардам ооруканасында жана Улуттук госпиталында дарыланып жаткандардын тезирээк сакайып кетишин каалады.

“Достук” мейманканасында убактылуу жайгашкан үй-бүлөлөр менен да баарлашып, алардын да ал-акыбалын сурады.

Борбор калаанын мэриясы бардык жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайт.