Бишкекте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров жана борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун катышуусунда №40-мектепке кошумча имарат ачылды.

Курулуш аянты 4 137 м2. Үч кабаттуу кошумча корпус 500 окуучу орунга ылайыкталган.

Мектепте 18 окуу бөлмөсү каралган, аянты 284 м2 болгон спорт залы жана 212 м2 болгон жыйындар  залы бар. Ошондой эле мектептин бир бөлүгүндө жер төлө бар.

Мектеп бардык керектөөчү бөлмөлөр менен камсыз кылынып: тазалык техникалары, кызматкерлер үчүн чечинүүчү бөлмө, тамбур, изоляциялык бөлмө, шаймандарды тазалоочу бөлмө, чечинүүчү бөлмөлөр, жуунучу жайлар, театр кийимдер жайы, дарылоо бөлмөсү, окуу залы, китепкана, логопед-психологдун бөлмөсү, музыка жана вокал бөлмөсү, класстык бөлмөлөр, ж.б. менен жабдылган.

Мындан тышкары мектептин аймагында спорттук оюндар үчүн спорт аянтчалары курулган: футбол, волейбол, баскетбол, воркаут. Мектептин аянтында көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери да жүргүзүлддү.

Курулуш иштерин подрядчы «Лидер Хаус» ЖЧКсы жүргүздү.