Бишкекте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров жана борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун катышуусунда №6-мектепке кошумча имарат ачылды.

№6 АОТКнын аймагынын жалпы аянты 2040 м2 , жыйындар жайы 130 орундуу сахна жана кийим алмаштыруучу жай менен долбоорлонгон.

Ошондой эле, имаратта: хореографиялык бий залы, техникалык кабинет, ийримдер жана класстар, спорт залы жана жабдууларды орнотуу үчүн бөлмөсү, машыктыруучунун бөлмөсү, чечинүүчү бөлмө, психологиялык жана валеологиялык бөлмө бар.

Имараттын жер төлөсүндө жуунучу бөлмө, кампа, чарбалык бөлмө, китеп сактоочу бөлмө жана архив бар.

Курулуш иштерин подряддык уюм – «Капитал Курулуш» ЖЧКсы жүргүзгөн.