Борбор калаада Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров жана Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун катышуусунда №75 жалпы билим берүүчү мектеп-лицейинин ачылыш аземи болуп өттү.

Буга чейин мектептин имараты жараксыз абалда болгон. Андыктан, 550 орундуу жаңы мектеп куруу чечими кабыл алынган.

Мектептин жер участогунун жалпы аянты 1,8 га, ал эми имараттын аянты 5607 м2.

Эки кабаттуу билим берүү мекемеси 20 класска ылайыкталган. Спорт залдын аянты 384 чарчы метрди түзөт. Мектептин жер төлөсү да бир блок болуп, анда коммуналдык кампалар, насостук станция, жылытуу блогу, вентиляциялык камера, кампа жайгашкан.

Мектеп бардык зарыл болгон көмөкчү бөлмөлөр менен курулган: гардеробу бар тамбур, санитардык бөлмөлөр, канцелярия, универсалдуу устакана, кыздар үчүн эмгек классы, кабыл алуу бөлмөсү, врачтык кабинеттер, техникалык кызматкерлер, тренер, инвентарлар бөлмөсү, дарылоо бөлмөсү, ашкана, тамактануучу зал, кийим алмаштыруучу жай, лабораториялар, китепкана, окуу залы жана жыйындар жайы.

Окуучулардын класстарынан тышкары мектеп имаратында өзүнчө блок менен бөлүнгөн музыка класстары да бар. Музыкалык класстардын жалпы аянты 424 м2.

Курулуш иштерин подряддык уюм «Эталон Винспецстрой» ЖЧКсы жүргүзгөн.