Борбор калаанын “Кара-Жыгач” конушунда борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун катышуусунда №17 “Ай күн” жаңы бала бакчасы ачылды.

Мектепке чейинки балдар мекемеси 280 балага, алты тайпалык топко ылайыкталган.

Имараттын жалпы аянты 1463 м2, аймагынын аянты 4900 м2.

Биринчи кабатта оюн бөлмөлөрү, кампа, бөлүштүрүүчү ашкана, уктоочу бөлмөлөр, жуунучу бөлмөлөр, кабыл алуу бөлмөлөрү бар. Экинчи кабатта: музыкалык жана спорт залы, методикалык кабинет, оюн бөлмөлөрү, кабыл алуу бөлмөлөрү, кампалар жана башка бөлмөлөр каралган.

Бала бакчанын имараттары керектүү жабдуулар: ашкана жабдуулары, эмеректер, эки кабаттуу керебеттер, кеңсе жана балдар отургучтары, стол, шейшептер, идиш-аяк, оюнчуктар, самын жуучу каражаттар, ошондой эле окуу куралдары, балдар үчүн көркөм адабияттар менен камсыздалды.

Курулушту тендердин жеңүүчүсү – «Олимп и КО» ЖЧКсы шаардык бюджеттин эсебинен жүргүздү.