Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 33 жылдыгына арналган  шаардык салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.

Калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыров мамлекеттик тил күнү менен куттуктап, Эне тилибиз – улуттук жүзүбүз, өз алдынча эл, мамлекет экендигибизди билгизген ыйык белгибиз экенин белгиледи.

“Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнү, шаардын мекеме-ишканаларынын,  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүндө ар тараптуу колдонууну, аны шаарда жашаган көп улуттуу элдердин өз ара катнаш тилине айландырууну, билим берүү уюмдарында эне тилди окутууну жакшыртууну, иш кагаздарын мамлекеттик тилде биротоло жүргүзүүнү, бизден, урматтуу бүгүнкү салтанатка катышып жаткан шаар тургундары, жетекчилер, интеллигенция өкүлдөрү өткөн тарыхыбыз, учурубуз жана эртеңки келечегибиз талап кылат. Ошондуктан, ушул асыл максатка жетүү үчүн баарыбыз эне тилибизди сүйүүгө, ал үчүн күйүүгө, аны өз ара катнаштын, колдонуунун тилине айландырууга бардык күч-аракетибизди жумшоого тийишпиз.

Биз борбор калаанын тургундары эне тилибиздин – мамлекеттик тилибиздин маселесине олуттуу мамиле жасайлы. Аны ар тараптуу жана толук кандуу колдонуунун, бардык мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануунун үлгүсүн көрсөтөлү”,-деди калаа башчысы өз сөзүндө.

Калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыров Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү тарабынан өткөрүлгөн “Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзгөн мыкты мекеме” жана “Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзгөн мыкты адис” шаардык сынактарынын жеңүүчүлөрүнө Бишкек шаарынын мэриясынын сыйлыктарын тапшырды.

Салтанаттуу иш-чарага Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Каныбек Осмоналиев, “Кыргыз тили” коомунун президенти Райымжан Курбанов, Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, райондук администрацияларынын, шаардык кызматтардын, ошондой эле жалпы билим берүү уюмдарынын кызматкерлери катышты.

Салтанаттуу иш-чара Бишкек шаарынын мэриясынын Эл аспаптар оркестри жана “Кыргыз руху” фольклордук ансамблинин концерттик программасы менен жыйынтыкталды.