Борбор калаанын мэри Бишкектин санитардык полигонуна көчмө жыйын өткөрдү.

Көчмө жыйындын  жүрүшүндө мэр таштандыларды кайра иштетүүчү завод курууну өзүнүн ишинин приоритети деп атады.

Азыр таштанды таштоочу жайда 11 миллион метр куб таштанды бар, ал күйүүнү улантууда.

Полигондун көйгөйлөрүн чечүү үчүн ЕРӨБ тарабынан бөлүнгөн 22 миллион еврону мурунку бийликтегилер натыйжасыз пайдаланышкан. Эми 6,2 миллион евро калды, ага гидроизоляция, метан соргуч түтүк жана таштандыларды чыгаруу керек.

Жакынкы арада мэрия таштандыларды кайра иштетүүчү завод куруу боюнча жаңы тендер жарыялайт.

Полигондун аймагы тосулуп, канча таштанды ташылып келгенин көзөмөлдөө үчүн видеокамералар да орнотулат. Андан кийин КРнын Илимдер академиясы менен биргеликте 40 гектар аянтта рекультивация жүргүзүлөт.