“Көлмө” жаңы конушунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун,  борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун катышуусунда жаңы мектептин ачылыш аземи болуп өттү.

Мектеп 380 орунга ылайыкталган. Эки кабаттуу имараттын аянты 2309 чарчы метрди түзөт. Имаратта бардык керектүү жайлар: окуу класстары, ашкана, актовый зал, жуунучу бөлмөлөр жана спорт зал жайгаштырылды.

Мектепти «Капитал Билдинг» ЖЧКсы курду.

Белгилей кетсек, жаңы мектептин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлгөн.