Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын залында Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун, ошондой эле ардактуу коноктордун жана эл аралык калыстар тобунун мүчөлөрүнүн катышуусунда Биринчи Дельфи оюндарынын ачылыш аземи болуп өттү.

Иш-чарага Кыргызстандын, Казакстандын, Орусиянын жана башка өлкөлөрдүн көрүнүктүү маданият, искусство, билим берүү жана илим ишмерлери катышты.

“Биз маданий көп түрдүүлүккө жана ата мекендик искусствонун, чыгармачылыктын, аткаруучулук ишмердүүлүктүн ар кандай түрлөрү боюнча таланттуу жаштар үчүн фестиваль сынактарын өткөрүүгө шарттарды түзүүгө, ири эл аралык жайлардагы жаш искусство лидерлерин аныктоого жана андан ары колдоо көрсөтүүгө багытталган иш-чараны өткөрүп жатканыбызга кубанычтабыз.

Дельфи оюндары — классикалык, элдик жана заманбап искусствонун баардык өнөр түрүн камтыган чыныгы чебер таланттардын таймашы. Бул оюндардын башкы максаты – чыгармачылыгы бийик жаштарыбызды маданиятта, искусстводо, билим жана илим жаатында баалоого  чоң өбөлгө түзүлүп, аны даңазалоого багытталган.

Мен ойлойм, бүгүн бизге дал ошондой өмүрүн өрнөк тутуп, келечегинде өз чеберчилиги менен из калтыра турган жаштар келди.

Андыктан, бүгүн биз  күз күнүндө кулпуруп турган Бишкегибизде мукам музанын кайрыктарына термелип, жан дүйнөбүздүн бөксөсүн толтуруп, жаркын жашоонун дагы бир кереметин сезебиз”, - деди Бишкек шаарынын мэри өз сөзүндө.

Жыйырма жыл бою мурдагы дельфиялыктар КМШ өлкөлөрүнүн, Европанын жана бүткүл дүйнөнүн эң күчтүү жаш артистери менен күч сынашкан. Азыр алар өздөрү мугалимдер, бүгүнкү күндө өздөрү жаш таланттардын насаатчысы болуп саналат.

Эске салсак, Биринчи Бишкек Дельфи  оюндарынын жыйынтыгы боюнча үстүбүздөгү жылдын 1-ноябрында тегерек стол өткөрүлөт, анда Дельфи кыймылынын өнүгүү тенденцияларын жана болжолдуу маселелерин кароо пландаштырылууда. Улуттук маданияттын жана искусствонун артыкчылыктарынын динамикасын аныктоо искусствонун жогорку форуму катары өлкөдөгү дельфи кыймылдын туруктуу негизде андан ары өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.