Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров шаардык жүргүнчү транспортунун жана автотранспорт ардагерлеринин кызматкерлерин автотранспорт жана жол чарбасы кызматкерлерин  кесиптик майрамы менен  куттуктады.

Мэр өзүнүн куттуктоо сөзүндө айдоочуларга талыкпас, ак ниет эмгеги жана жол-транспорт тармагын өнүктүрүүгө кошкон баа жеткис салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

«Күн сайын троллейбус башкармалыгынын жана автобус паркынын миңден ашык кызматкерлери, эки жарым миңге жакын кичиавтобустук каттамдын айдоочулары калаада жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорттун үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылышат. Шаардын мыкты транспорт кызматкерлери, өз ишинин патриоттору бүгүн ушул залда отурушат. Талыкпаган мээнетиңиздер, ак ниет эмгегиңиздер үчүн терең ыраазычылык билдирем!” – деди Э.Абдыкадыров.

Борбордун башчысы элдин жашоо сапаты көбүн эсе жүргүнчү транспорттун ишенимдүү, үзгүлтүксүз иштешинен көз каранды экенин белгиледи.

Шаардык транспорт кызматтарында өзгөчөлөнгөн кызматкерлер Бишкек шаарынын мэриясынын жана Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин Ардак грамоталары жана ыраазычылык баракчалары менен сыйланышты.