Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттар күнүнүн кесиптик майрамынын урматына сыйлык тапшырылды.

Райондук акимиаттар администрациянын кызматкерлерин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу кызматкерлерин, кварталдык, үй комитеттеринин жана турак жай ээлеринин шериктештиктеринин төрагаларын куттукташты.

Муниципалдык кызматкерлерге ардак грамоталар жана ыраазычылык каттар тапшырылды.

Жергиликтүү жамааттардын күнү Октябрь айынын акыркы жекшембисинде белгиленет.

Бишкек шаарынын мэриясы кесиптик майрамы менен дагы бир жолу куттуктайт! Шаардын жана шаардыктардын маселелерин чечүүдө күнүмдүк үзүрлүү эмгеги үчүн терең ыраазычылык билдиребиз. Сиздерге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык, ийгилик жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайбыз!