Бишкекте Кыргыз Республикасынын Милиция кызматкерлеринин күнү белгиленди.

Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын кичи залында Кыргыз Республикасынын ИИМ кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Иш-чарада Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаев, Свердлов районунун акими Максатбек Саргазаков куттуктоо сөз сүйлөп, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жана ардагерлерине кызмат өтөгөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, бардыгына бекем ден соолук, бакубатчылык каалашты.

Бир катар милиция кызматкерлери белектер, Ардак грамоталар жана ыраазычылык баракчалар менен, ошондой эле Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Азамат Байгазиев күмүш өзгөчөлөнгөн төш белги менен сыйланды. Мындан тышкары, милиция кызматкерлерин Свердлов райондук сотунун төрагасы, райондун прокурору жана башкалар куттукташты.