27-октябрда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын залында Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун, ошондой эле ардактуу коноктордун жана эл аралык калыстар тобунун мүчөлөрүнүн катышуусунда Биринчи Бишкек  Дельфий оюндарынын фестивалынын ачылыш аземи болуп өттү.

Иш-чарага Кыргызстандын, Казакстандын, Орусиянын жана башка өлкөлөрдүн көрүнүктүү маданият, искусство, билим жана илим ишмерлери катышты.

Биринчи Ачык Бишкек Дельфий оюндарынын жыйынтыгы боюнча Ардак медалдар жана дипломдор: 96 катышуучуга жана 13 командага тапшырылды.

Алардын ичинен алтын медалдар: 16 солист жана 14 адамдан турган 1 командага берилди. Күмүш медалдар 18 солистке жана 108 адамдан турган 4 командага, коло медалдар 16 солистке жана 2 командага ыйгарылды. Ошондой эле 46 солистке жана 6 командага дипломдор тапшырылды.

Эскерте кетсек, бүгүн Биринчи Ачык Бишкек Дельфий оюндарынын жыйынтыгы боюнча тегерек стол болуп, анда Дельфий кыймылынын өнүгүү тенденцияларын болжолдоо жана ошондой эле улуттук маданият менен искусствонун артыкчылыктарынын динамикасын аныктоо маселелери каралды. Искусствонун жогорку форуму катары республикада Дельфи кыймылдын мындан аркы өнүгүшүнө салым кошот.