“Ак-Ордо” жаңы конушунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун жана борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун катышуусунда жаңы мектептин ачылышы өткөрүлдү.

Үч кабаттуу имарат 750 окуучуга ылайыкталган. Мектептин жалпы аянты 5766 чарчы метрди, жердин аянты 2,4 га түзөт.

Окуу имараты негизги жана көмөкчү жайлардын бардык комплектилери менен долбоорлонгон: класстар, ашкана, актовый зал, жуунучу бөлмөлөр, спорт залы.

Мектепти «Фиеста Трейд Ком» ЖЧКсы подряддык уюму курду.