Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Тунгуч» кичи районундагы №73 орто мектебине кошумча жаңы имараттын ачылышына катышты.

Үч кабаттуу имаратты курууга республикалык бюджеттен 200 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Үч кабаттуу окуу корпусу 525 окуучулук орунга ылайыкталган. Имаратта окуу класстары, ашкана, актовый зал, чечинүүчү жай, кампа, жуунучу бөлмөлөр, спорт зал, медициналык кабинет, дарылоо бөлмөсү, лабораториялар ж.б. каралган.

Ошондой эле мектептин аймагында спорт аянтчасы жана гүл бакча жаңыртылды.

Курулуш иштерин республикалык бюджеттин эсебинен «Адис Строй» ЖЧКсы жүргүздү.