Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Шайлообек Атазовдун катышуусунда Фере көчөсүнүн ачылышы болду.

Элебесов көчөсүнөн Дачная көчөсүнө чейинки бөлүгүндө «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы аркылуу капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлдү. Жөө жүргүнчүлөр үчүн жолдун эки тарабына тротуар салынып, ирригация да орнотулду.

Жол куруу иштерин «Технотоп» ЖЧКсынын подряддык ишканасы жүргүзгөн.

Белгилей кетсек, көрктөндүрүү көзөмөлү боюнча муниципалдык инспекция жолду оңдоого тоскоол болгон мыйзамсыз курулуштарды жана объектилерди алдырган.