Борбор калаанын вице-мэри Виктория Мозгачеванын катышуусунда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн иш-чара өттү.

Концертке 1 миң жаш өспүрүмдөр катышты. Жаш көрүүчүлөрдүн бардыгына  борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун атынан таттуу белектер тапшырылды.

Иш-чаранын жүрүшүндө Эл аралык майыптар күнүнө карата өткөрүлгөн фестивалдын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болду.

Балдардын адистештирилген мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин арасында «Көркем ишмердүүлүк» номинациясында байгелүү орундарга ээ болушту:

- Гран-при - №48 адистештирилген мектепке чейинки билим берүү мекемеси;
- 1-орун - No164 адистештирилген мектепке чейинки билим берүү мекемеси;
- 2-орун - No104 адистештирилген мектепке чейинки билим берүү мекемеси;
- 3-орун - No174 адистештирилген мектепке чейинки билим берүү мекемеси;
- 3-орун - No87 адистештирилген мектепке чейинки билим берүү мекемеси.

Республикалык адистештирилген мектеп-интернаттардын арасында:

- Гран-при – угуу мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү мектеп-интернаты;
- 1-орун – ден соолугунан чектелген балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү мектеп-интернаты;
- 2-орун - угуусу начар жана кеч укпаган балдар үчүн атайын жалпы мектеп-интернаты.

Атайын (көмөкчү) окуу жайлардын арасында:

- Гран-при - №30 атайын мектеп;
- 1-орун - No22 атайын мектеп;
- 2-орун - No34 атайын мектеп.

Балдардын адистештирилген мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин арасында «Колдонмо искусство» номинациясында:

- Гран-при - №104 адистештирилген мектепке чейинки билим берүү мекемеси;
- 1-орун - No48 адистештирилген мектепке чейинки билим берүү мекемеси;
- 2-орун - No164 адистештирилген мектепке чейинки билим берүү мекемеси;
- 3-орун - No174 адистештирилген мектепке чейинки билим берүү мекемеси;
- 3-орун - No87 адистештирилген мектепке чейинки билим берүү мекемеси.

Республикалык адистештирилген мектеп-интернаттардын арасында:

- Гран-при - угуусу начар жана кеч укпаган балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү мектеп-интернаты;
- 1-орун – угуу мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн атайын жалпы мектеп-интернаты;
- 2-орун – көрүү мумкүнчүлугү чектелген балдар үчүн атайын жалпы мектеп-интернаты.

Атайын окуу жайлардын арасында:

- Гран-при - №30 атайын мектеп;
- 1-орун - No34 атайын мектеп;
- 2-орун - No22 атайын мектеп.

Белгилей кетсек, фестивалга катышуу үчүн 23 уюмдан: 11 балдардан, 12 чоңдордон жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын көйгөйлөрү менен алектенген коомдук бирикмелерден, фонддордон жана реабилитациялык борборлордон 1500гө жакын арыз түшкөн.

Калыстар тобунун мүчөлөрү ышкыбоздордун 200ге жакын спектаклин угуп, көркөм искусствонун 1800ге жакын чыгармасын көрүштү. Колдонмо искусство сынагында катышуучулар кийиз, жыгач, токуу, шуру, металл боюнча эмгектерин тартуулашты.

Маалымдама: Борбор калаанын мэриясы даректүү социалдык жардамды үзгүлтүксүз көрсөтүп келет. Бишкек шаарында гана кошумча даректүү жардамдын 22 түрү көрсөтүлөт. Мындан тышкары 22 түрдүү коомдук уюмдар, бирикмелер жана борборлор менен кызматташып келебиз.