Гапар Айтиев атындагы Мамлекеттик улуттук көркөм сүрөт музейинде “Дух Божий”  скультуралык композициясын  тапшыруу аземи өттү.

Композицияны «Ч.Айтматов атындагы Эл аралык Ысык-Көл форуму» коомдук бирикмесинин президенти» Аскар Айтматов жана «Дубровин»  куюучу үйүнүн ээси Иван Дубровин тартуулашты.  Скультуралык композицияны  Уралдын белгилүү сүрөтчү-скульптору Александр Самвел жасаган.

Иш-чаранын алкагында номинанттарга Ч.Айтматов атындагы медалдарды тапшыруу аземи да өттү. Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров да Ч.Айтматов атындагы медаль алды.
Белгилей кетсек, 150 медалды чыгаруунун демилгечиси Иван Дубровин болгон.