“Бишкекжарык” муниципалдык ишканасы борбор калаанын майрамдык жасалгалоо иштерин аяктоодо.

Учурда Ала-Тоо аянтында жана борбордук көчөлөрдө иштер жүрүп жатат. Ишкананын жамааты Чүй проспектисинин Панфилов көчөсүнөн Раззаков көчөсүнө чейин бокал түрүндө 23 жаңы жылдык конструкция орнотушту. Ошондой эле бугу жана кар киши инсталляциялары да орнотулууда.

Жаңы жылдык жасалгалар Чүй проспектисинде да орнотулган.

Урматтуу шаар тургундары! Борбор калаанын мэриясы жаңы жылдык инсталляцияларга аяр мамиле жасоону жана шаардык  кызматтардын кызматкерлеринин эмгегин сыйлоону өтүнөт.