Шаардык муниципалитетте Бишкек шаарынын мэринин кубогу үчүн түзүмдүк бөлүмдөрдүн, райондук администрациялардын жана Бишкек шаардык кеңешинин ортосундагы мелдештин жыйынтыгы боюнча сыйлыктарды тапшыруу аземи болуп өттү.

Жеңүүчүлөргө сыйлыктарды борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров тапшырды.

Мелдештин жыйынтыгында кичи футбол боюнча байгелүү орундарды төмөнкү командалар ээледи:

- 1-орун - «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы;
- 2-орун - Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы;
- 3-орун - "Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасы" муниципалдык ишканасы.


Волейбол боюнча:

- 1-орун - «Тазалык» муниципалдык ишканасы;
- 2-орун - «Бишкексууканал» башкармалыгы;
- 3-орун - Биринчи май райондук администрациясы.


Бильярд боюнча:

- 1-орун - Ленин райондук администрациясы;
- 2-орун - «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемеси;
- 3-орун - «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы.

Стол тенниси боюнча:

- 1-орун - «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемеси;
- 2-орун - «Бишкексууканал» башкармалыгы;
- 3-орун - Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы.

Шахмат боюнча:

- 1-орун - Свердлов райондук администрациясы;
- 2-орун - Бишкек шаарынын мэриясынын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы;
- 3-орун - Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы.

Дартс боюнча:

- 1-орун - “Бишкексууканал” башкармалыгы;
- 2-орун - Бишкек шаардык финансы башкармалыгы;
- 3-орун - Бишкек шаарынын мэриясынын чарба департаменти.

Аркан тартыш боюнча:

- 1-орун - Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы;
- 2-орун - "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасы;
- 3-орун - «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы.

Эске салсак, мелдештер 19-ноябрдан 11-декабрга чейин борбор калаанын спорт залдарында өткөн. Аларга 20дан ашык команда катышты.