31-декабрда борбордук «Ала-Тоо» аянтында майрамдык концерт өткөрүлдү.

Шаардыктарды жана конокторду салттагыдай борбор калаанын мэриясынын маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча департаментинин солисттери, чыгармачыл жамааттары жана  эстрада жылдыздары Жаңы жыл менен куттукташты.

Жаңы 2023-жылды майрамдоого шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору менен бирге Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров, Шаардык кеңештин төрагасы Куванычбек Конгантиев, мэрдин  орун басарлары, райондордун акимдери жана шаардык кызматтардын жетекчилери келишти.

Майрамдык салтанат саат 00:00дө түстүү фейерверк менен коштолду.

Шаардыктардын ыңгайлуулугу үчүн коомдук транспорт саат 01:00гө чейин иштеди.

Аянтта тез жардам жана бир өрт өчүрүү кызматы, «Тазалык», «Бишкекжарык» муниципалдык ишканаларынын бригадалары нөөмөттө болуп, тартип сакчылары коомдук тартипти камсыз кылышты.

Жаңы жылыңыздар менен, урматтуу бишкектиктер!