Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров көмүр от казандарын газга которуу үчүн ишин тездетүү тапшырмасын берди Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров абанын булганышына байланыштуу абанын булганышына таасир этүүчү факторлорду чечүү боюнча иш-чаралардын алкагында "Бишкекжылуулукэнерго"коммуналдык ишканасына барды.

Иш сапардын жүрүшүндө мэр мекеменин кампасында болуп, 32 жаңы газ отказандары бар алардын кубаттуулугу 300-500 кВт, 32 күйдүргүч 300-500 кВт болгон тетиктер, 32 насос, 16 химиялык суу тазалагычтар, 16 бирдик кошумча жабдуулар (термометр, монометр, вентиль) сакталат, аны SAN. (MIMSAN GROUP) түрк компаниясынан сатып алышты.

Жакында борбордун батыш тарабындагы көп кабаттуу үйлөрдү, мектептерди, социалдык мекемелерди, ишканаларды, үйлөрдү тейлеген от казандарга жаңы газ менен иштеген жабдуулар орнотулат.

Көчмө жыйындын жыйынтыгында шаар мэри көмүр от казандарын газга өткөрүү процессин тездетүүнү тапшырды.