Борбор калаада мэр Эмилбек Абдыкадыровдун катышуусунда №16 атайын логопеддик бала бакчасынын реконструкциядан кийин ачылыш аземи өттү.

Бала бакчада ондоп-түздөө, тышкы инженердик тармактарды куруу жана ички жасалгалоо иштери жүргүзүлдү. Имараттын фасады, полдору жана шыптары жаңыланып, жылытуу жана электр менен камсыздоо системалары толугу менен алмаштырылып, сантехника иштери бүтүрүлдү (тамак-аш блогу, ванна бөлмөлөрү).

Мекеменин аймагы көрктөндүрүлдү – 6 балдар аянтчасы ишке киргизилип, резина жабындары, сырткы темир тосмо орнотулуп, брусчатка төшөлүп бүттү.

Капиталдык оңдоо иштерин подряддык уюм “Максат Инжиниринг” ЖЧКсы жүргүзгөн.

Атайын бала бакча 150 орундуу – 6 тайпага ылайыкталган, жер тилкесинин жалпы аянты 4713,75 м2, имаратынын аянты 1065 м2 түзөт.

Белгилей кетсек, имарат билим берүү башкармалыгынын балансына өткөрүлгөн. Буга чейин имаратта Балдарды жана жаштарды реабилитациялоо борбору жайгашкан.