Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров КЭР грантынын эсебинен "Бишкек шаарынын жол-транспорт системасын өнүктүрүү концепциясы" (3-фаза) долбоорунун алкагында түйүндөрдү, өтмөктөрдү куруу жана жолдорду бузуу пландалып жаткан жерлерде көчмө жыйын өткөрдү.

Биринчи объект Фучик көчөсү болду, ал жерде эки деңгээлде транспорттук түйүндөрдү куруу пландалууда. Аталган түйүндүн курулушу Бишкек шаарынын түштүк-батыш бөлүгүндөгү автотранспорт каражаттарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Ошондой эле мэр Ала-Арча суусу аркылуу өтүүчү көпүрөнүн жана Л.Толстой көчөсү менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишиндеги транспорттук түйүндүн курулушунун орду менен таанышты. Бул түйүндүн курулушу Жаш Гвардия бульвары жана Л. Толстой көчөсү боюнча батыш багытында автотранспорт каражаттарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатат.

Анкара-7-апрель көчөлөрүнүн кесилишиндеги эки деңгээлдеги транспорттук-эстакадалык көпүрөнүн курулуучу жерин карап чыгуу учурунда борбор калаанын мэри Горький көчөсүндөгү модернизациялоого муктаж болгон сырткы жарыктандыруунун абалына көңүл буруп, "Бишкекжарык" муниципалдык ишканасына бул багытта иш жүргүзүүнү тапшырды. Ошондой эле тротуарды иретке келтирип, көчөнү жашылдандыруу милдеттендирилди.