26-сентябрда Бишкек троллейбус башкармалыгында Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абировдун жана калаа мэри Азиз Суракматовдун катышуусунда жаңы 52 троллейбустун презентациясы өткөрүлдү.

Ѳзүнүн сѳзүндѳ калаа башчысы Азиз Суракматов башкармалыктын жамаатын жаңы троллейбустардын алынып келиши менен куттуктады.

“Урматтуу катышуучулар! Биз шаардык транспортту ѳнүктүрүү менен троллейбустарды кѳбѳйтүүнү уланта беребиз. Калаада кѳп орундуу транспортту кѳбѳйтүү, ѳнүктүрүү керек. Биз азыркы учурда Европалык реконструкция жана ѳнүктүрүү банкы менен коомдук транспортту ѳнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгалы деп жатабыз”,-деди калаа башчысы.

Бүгүнкү күндө бардык 52 троллейбус, анын ичинен 37 бирдик Россиядан жана 15 бирдик Беларусь Республикасынын Бишкек шаарына алынып келинди. Шаардын ичинде учурда 42 бирдик каттап жатат, ал эми 10 жаңы троллейбус эксплуатацияга берилет.

Бишкек шаарынын мэриясы жаңы коомдук унааны алып келүү менен №2 жана №6 маршуттук каттамды кайрадан ачты. Жаңы коомдук транспорттор менен иштеп жаткан каттамдарды дагы толуктаганга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул троллейбус каттамдарынын арасындагы убакытты кыскартат. Азыркы учурда Бишкек шаарында 9 троллейбусттук каттамдын ордуна 11 троллейбусттук каттам иштей баштады. Күн сайын каттамга 128 бирдк троллейбус чыгат. Жалпысынан Бишкек троллейбус башкармалыгынын базасында жаңы троллейбустарды кошкондо 169 бирдик коомдук унаа бар.

Биринчи фаза долбоорун улантуу максатында, 2015-жылдын 30-ноябрында Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкы  жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги арасында экинчи Кредиттик келишимге жана Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкы жана Бишкек шаарынын мэриясы, Бишкек троллейбус башкармалыгы арасында Гранттык келишимге кол коюлган.

Келишимдин жыйынтыгында калаага 52 бирдик жаңы троллейбус алынып келинди. Кредиттик жана гранттык каражаттын жалпы суммасы 7,9 млн.еврону түзөт. Анын ичинен 5,0 млн. евро кредит жана 2,9 млн.евро грант.

ЕРѲБ борбордук кеңсеси менен макулдашылган конкурстун жыйынтыгы боюнча троллейбустарды алып келүүчүлөр болуп «Белкоммунмаш» ААК (Беларусь, Минск) жана «Тролза Маркет» ААК(Россия, Энгельс ш.) аныкталып, 15 бирдик  жапыз полдуу, 37 бирдик  орто полдуу троллейбус, жалпысынан  52 бирдик жаңы троллейбус алынды.

Иш-чарага Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкынын Борбордук Азия боюнча директору Нилл Маккейн, Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Андрей  Крутько, Беларусь Республикасынын Кыргызстандагы  Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Андрей Страчко жана башкармалыктын кызматкерлери катышышты.

Маалымат: Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкы тарабынан “Бишкек шаарындагы коомдук транспортту өнүктүрүү” инвестициялык долбоорунун биринчи фазасы толугу менен жыйынтыкталган. Биринчи долбоордун алкагында 35 жапыз полдуу жана 44 бийик полдуу  троллейбус алынган.

Бишкек троллейбус башкармалыгынын башчысы Артур Ѳмүрзаков. Тел.: 65-74-39, 0555789789.