Бүгүн, 24-апрелде таңкы саат 6:00дө Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков Октябрь районундагы шаардык кызматтардын жетекчилеринин катышуусунда көчмө жыйын өткөрдү.

Көчмө жыйын Медеров жана Кара-Дарыя көчөлөрүнүн кесилишинен башталган. Лев Толстой көчөсүнөн Ахунбаевге чейинки жаңы жолдун курулушунун пландарын талкууладык.

"Бишкекжашылкурулуш" муниципалдык  ишканасына Аламүдүн дарыясынын нугун тазалоо жана анын аймагын көрктөндүрүү тапшырмасы берилди.

Октябрь районунун акимине Медеров көчөсүндөгү стихиялуу сооданы жоюп, бул аймакка сейил бак куруу маселесин кароо тапшырылды.

Текшерүү учурунда жергиликтүү тургун Улан-1 жана Улан-2 кичи райондоруна жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдү жасап берүүнү суранган.

Октябрь районунун  тургундарынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жеринде кырдаалды көзөмөлгө алып, жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктөрдү жасоо боюнча райондун башчысына жана тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилди.

Андан кийинки пункт М.Горький көчөсү, Кара-Дарыя көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө  чейинки бөлүгү болду. Кызматтарга М.Горький көчөсүнүн боюндагы аймакты көрктөндүрүү, нөшөрлөгөн сууну тосуучу торлордун жарактуулугун текшерүү, тротуарларды куруу маселесин кароо тапшырылды.

Мирланбек Байгончоков имараттардын сырткы көрүнүшүнө өзгөчө көңүл буруп, дизайн-кодго ылайыкташтыруу милдетин койду.

Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгына муниципалдык аймакты басып алган жеке үйлөрдү аныктоо тапшырмасы берилди.

Ошондой эле Байтик-Баатыр көчөсү, 6А/5 дарегинде жайгашкан кичи базардын абалын кароо тапшырылды.

Андан ары ошол эле көчөнүн боюндагы жашыл аймакты карап чыктык, ал жерде парк жана балдар аянтчасын уюштуруу пландалууда. Жашыл тилкедеги унаа токтотуучу жайларды көзөмөлгө алуу муниципалдык инспекцияга милдеттендирилди.