30-апрелде мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында Фатьянов көчөсү, 10 дарегинде жайгашкан Т.Сатылганов атындагы №69 мектеп-гимназиясынын аймагында “Триатлон борборунун” ачылышы болуп өттү.

Мелдештин ачылышына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Триатлон федерациясынын президенти Чыңгыз Алканов жана башкалар катышты.

Иш-чаранын катышуучуларына жаңы борбордо экскурсия уюштурулуп, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн лифт менен бассейн, спорт зал ж.б.у.с. көрсөтүлдү.

Бул борбор КР Триатлон федерациясы менен Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин ортосундагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында түзүлгөн.

Мектептин аймагындагы объект ай сайын ижара акысы менен 10 жылдык мөөнөткө берилет.

Долбоор бассейн, спорт зал жана велостудияны камтыйт. Ошондой эле кийинчерээк мектептин аянтына 200 метрлик чуркоо аянтчасы курулуп, мектептин спорт залы оңдолот.

Жогоруда айтылгандардын бардыгы мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жеткиликтүү болот, алар акысыз (20 адамга чейин) же чоң жеңилдиктер менен №69 мектеп-гимназиясынын окуучулары жана мугалимдери бекитилген тизмелер боюнча сууда сүзүү  сабактарды ала алышат, таланттуу балдар бекер же 50% арзандатуу менен машыга алышат.

Кыргыз Республикасынын триатлон боюнча курама командасы да борбордо спорттук иш-чараларды бекер өткөрүшөт.

Борбордук Азиядагы биринчи инклюзивдик триатлон борбору чоңдор, балдар, профессионал спортчулар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн ыңгайлуу спорттук шарттарды түздү.

Белгиленгендей, бассейндеги сууну чыпкалоочу жогорку сапаттагы жабдуулар, аллергиясы бар адамдарга да сууда сүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт, спорт зал үчүн эң мыкты жабдуулар жана велосипед тебүүчү машиналар каралды.

Маалымдама:  №69 мектептин имараты 1989-жылы бардык керектүү инфраструктурасы, стандарттуу, 25 метр, 4 тилкелүү бассейни менен курулуп, пайдаланууга берилген.