Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында шаар мэри Азиз Суракматовдун жана Бишкек шаардык кеңештин тѳрагасы Жаныбек Абировдун катышуусунда кичинекей шаардыктарды жаңы жыл менен куттуктоо иш-чарасы ѳткѳрүлдү.

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов балдарды келе жаткан жаңы жыл майрамы менен куттуктап, окууларына ийгиликтерди каалады.

«Урматтуу  кичинекей досторум! Аз убакыттан кийин 2019-жыл да кирип келет. Сиздерди Бишкек шаарынын мэриясынын жана  жеке өзүмдүн атымдан   чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Ар дайым жаңы жылда  биз жакындарыбыз менен баардык жакшы тилек-ой максаттар менен өткөрүүнү каалайбыз.  Мен  үй-бүлөңүздөргө ден соолук каалайм, алардын сүйүүсү жана жылуу мамилеси  сиздерди кубантып турсун. Өлкөбүздү баалоо жана сүйүү – бул ар бирибиздин башкы милдетибиз болуусу керек. “Улууларды урматтап, кичүүлөрдү ызаттап”, жакшы билим алууга аракет кылгыла.  Кичинекей досторум! Тилегиңер орундалып, алдыга койгон максаттарга жетишибиз керек. Ден соолугуңар чың болуп, спорт, музыка жана билимге болгон кадамдарыңар  ишке аша берсин. Кетип бараткан 2018 -жыл биз үчүн өтө кызыктуу жана эске алына турган окуяларга бай болду. Биз залкар жазуучубуз Чынгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесин  өткөрдүк, кыргызстандык спорт чеберлери көптөгөн байгелерди  мамлекетибизге алып келди.  Бишкек шаарыбыздын окуучулары Кыргызстанда өткөн билим олимпиадасында  биринчи орунду алды. Бул биз үчүн өтө чоң сыймык. Бишкектин окуучулары мамлекетибизде эң кыйын окуучулар.  Өлкө силерден чоң ийгиликтерди   күтөт,  улуу максаттарга жетүү үчүн ишеним керек. Эсиңерде болсун, аткарылбай турган эч нерсе жок»,-деди мэр.

Майрамга аз камсыздалган үйбүлѳлѳрдүн балдары, мектептин отличниктери жана конкурстардын жеңүүчүлѳрү, «Жаш Карек» долбооруна катышкан региондордун 20 окуучусу катышты.

Балдарга жагымдуу концерттик программа жана «Сыйкырдуу китеп» кѳрсѳтүүсү тартууланды.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!