Д. Асанов атындагы паркта Ленинградды фашисттик блокададан толук түрдө бошотуунун 75 жылдыгына арналган миниг-реквием өттү.

Октябрь райондук администрация башчысы Ренат Айтымбетов иш-чаранын ачылышын жасады.

Курман болгондорду эскерүү жана урматтоо үчүн Ленинграддын блокадниктери, Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлери, шаардыктар, КР Президентинин аппарат жетекчиси Досалы Асаналиев, КР коопсуздук кеңешинин секретары Дамир Сагынбаев, КРдагы РФнын  атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Андрей Крутько, борборубуздун вице-мэри Асель Куламбаева жана Кыргыз коому Ленинград блокадниктеринин төрайымы Анна Кутанова катышты.

Чогулгандарды куттуктап борборубуздун мэри Азиз Суракматовдун атынан Бишкек шаарынын вице-мэри Асель Куламбаева сөз сүйлөдү.

“Бишкек шаарынын тургундарынын атынан жана өзүмдүн атымдан Санк-Петербургдун жашоочулары жана ардагерлерин Ленинградды фашисттик блокададан толук түрдө бошотуунун 75 жылдыгы менен куттуктайм. Бул күн Кыргызстандыктар үчүн өтө маанилүү. Баардык  трагедиялуу 900 күн ичинде Кыргызстандын эли  баатырларга ишенимдүү карап, колдоо көрсөтүп, жылуулуктарын аябастан азык-түлүк чогултууну уюштуруп жөнөтүп келишкен”.

Метрономдун добушу менен баардык катышуучулар Курман болгондордун урматына минуталык эскерүү кылды. Мындан соң баардык каалоочулар Ленинград блокадниктеринин эстеликтерине гүлчамбарларды коюшту.

Маалымкат: Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында 148 Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жашайт, анын ичинде 11 Ленинград блокадниктери. Даректүү социалдык жардам көрсөтүү максатында шаардык бюджеттин эсебинен бул категориядагыларга бир жолку материалдык жардам, 3 миң.сом өлчөмүндөгү квартал сайын берилүүчү стипендия, шаардык транспортто бекер жүрүү жана 9-майга карата 10 миң. сом өлчөмүндө бир жолку жөлөкпул каралган. КР Президентинин Жарлыгана ылайык Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына, Ленинград блокадниктерине, концлагер туткундарына Республикалык бюджеттин эсебинен жеңилдиктер ордуна 7 миң. сом өлчөмүндөгү акчалай компенсация төлөнөт.

Бишкек-сүйүктүү шаар!

Урматтоо менен мэриянын басма сөз кызматы.