Көчмө жыйындын башкы максаты курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышуу. Аталган бала бакча 2015- жылы иштөөгө берилет. Бүгүнкү күндө эки кабаттуу имараттын  дубалы көтөрүлүп, чатырын орнотуу иштери башталды.
Жаңы бала бакча 280 орунга эсептелген. Башкы бөдрөтчү “Экспресс-Строй” ЖЧКсы.
Көчмө жыйынга Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов, вице-мэр Марс Саккараев, Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Канчоро Ажекбаров жана башкармалыктын кызматкерлери катышты.