Аталган иш-чараны Октябрь райондук администрациясынын башчысы Болот Алымкулов ачып, сөздү калаа башчысы Кубанычбек Кулматовго узатты.


“Ленинград блокадасы – адамзаттын тарыхындагы эң оор кыйынчылыктарды башынан өткөргөн учур, бирок элибиздин темирдей бекем биримдиги жана күчтүү аң-сезиминин натыйжасында оор кырдаалда жеңишке жетиштик. Сиздерге бекем ден соолук, узак өмүр жана кажыбас кайрат каалайм”,-деп белгиледи калаа башчысы Кубанычбек Кулматов.


Курман болгондорду эскерүү менен Кыргызстан  Ленинград блокадачылар коомунун төрайымы Анна Кутанова бардык катышуучуларды куттуктап, блокадада курман болгондордун жаркын элесине арнап ыр окуду.


Чогулгандар курман болгондордун даректерине жылуу сөздөрдү узатып, эстеликтерге гүлдөр коюлду.


Иш-чарага калаа мэри Кубанычбек Кулматов, Ленинград блокадачылар коомунун төрагасы Анна Кутанова, президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов, Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутько, Ленинград блокадчылары жана согуштун ардагерлеринин катышты.