Мелдеш 31-январь күнү саат 11:00дө башталат. Мелдештин негизги максаты  жаш балдар менен өспүрүмдөрдү  дене тарбия менен машыгууга, жигердүү эс алууга жана сергек жашоого чакыруу, ошондой эле, өспүрүмдөрдүн спортко болгон кызыгуусун арттыруу, борбордук курама командасын түзүү, шаар тургундарынын арасында биатлонду кенен таанытуу болуп саналат.


Катышуучулардын жаш курагына  жараша  үч топко бөлүнөт:
Бирирнчи топ: 17 жаштагы  спортчулар;
Экинчи топ: 15-16 жаштагы  спортчулар;
Үчүнчү топ:  14 жаштагы спортчулар.


Мелдеш биатлондун бир нече түрү -спринт жана пасьют боюнча өтөт.
Аталган  мелдешти Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитети өткөрүүдө.