Турнир 7-январдан 12-январга чейин болуп өттү.


Эл аралык турнирдин жыйынтыгында спорттук акробатика боюнча Бишкек шаарынын курама командасы спорт чебери программасында кыздар түгөйүндө 3-орунду Пушкарёва Оксана менен Хрипунова Полина, ал эми ошол эле спорт чебери программасында кыздар үчлүгүндө 3-орунду Русланова Айдана, Кадыралиева Малика жана Козубаева Сумая ээлешти.


Аталган турнирге Россия, Казахстан, Узбекистан, Белоруссия жана Кыргызстан өлкөлөрүнөн жалпысынан 750 спортчусу катышкан.
Курама команданын аталган турнирге катышуусун шаардык дене тарбия жана спорт комитети каржылаган.