Мелдеш райондун мектептеринин окуучулары арасында Спартакиада 2014-2015 алкагында өткөрүлөт.


Волейбол боюнча мелдешке балдар арасында 12 команда, ал эми кыздар арасында 8 команда катышат.


Аталган спорттук иш-чара ден соолукту чыңдоо жана жаштар арасында дене тарбия жана спортко үгүттөө максатында өткөрүлүүдө.


Мелдеш эки жумага уланат.  1-3 орундарга ээ болгон командалар райондук администрация тарабынан диплом, медаль жана баалуу белектер менен сыйланышат.