Аталган мелдештин негизги максаты жаштар арасында спорттук багыт алууну  массалык жана ден соолукту чыӊдоонун түрү катары кеӊири кеӊейтүү жана андан ары өнүктүрүү, ошондой эле өспүрүмдөр менен жаш балдарды жигердүү эс алууга жана сергек жашоого үгүттөө болуп саналат.

Мелдеш жашына карата төмөнкү топторго бөлүнгөн:

М12, W12 (2003-жылы туулган жана андан кичүүлөр)
М15, W15 (2000-2002-жылы туулгандар)
М18, W15 (1999-жылы туулган жана андан улуулар)

Мелдештин жеӊүүчүлөрү болуп Жученко Кирилл, Татыбекова Бегаим, Жумабек уулу  Арзубек, Омельяненко Анна, Кочергин Денис, Семенов Александр, Левданская Наталья аталышты.

Аталган жеӊүүчүлөр дипломдор, медалдар жана белектер менен сыйланышты.