Жолугушууда конуш тургундарынын ар түрдүү көйгөйлөрү, ошондой эле, аймактык тескөөчүлөрдүн эл менен иш алып баруусу талкууланды. жергиликтүү эл укук коргоо органдарынын кызматкерлерине ак кызматы үчүн ыраазычылык билдиришип, кошумча каражат бөлүп берүүнү суранышты.


Өзгөчө курч маселелерден дренаждык тармак маселелси болду. Бул көйгөй азыркы учурга чейин чечилбей келерин белгилешти конуш тургундары.


“Биз сиздердин бул көйгөйдү чечип берет деген үмүттөбуз. Бардык үмүтүбүз сиздерде”,-деп кайрылды калаа башчысына.


Дренаждык тармактан тышкары мыйзамсыз курулуштар, жолдор, тротуарлар, газдаштыруу, канализация, ошондой эле, жарыктандыруу маселелери көтөрүлдү.
Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов шаар тургундарына сунуштарын айтты.


“Биз кыска мөөнөттүн ичинде светти кийирип бермекпиз, бирок, бюджетте акча жоктугуна байланыштуу созулуп жатат. Сиздер өз каражатыңыздарга светти киргизсеңер, биз анын акысын электр кубаты аркылуу төлөп беребиз”,-деп түшүндүрдү калаа башчысы.


Аталган жолугушууга Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов, Свердлов райондук администрациясынын башчысы Алтынай Омурбекова, Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Кашкар Жунушалиев, Жергиликтүү башкармалыктардын башчылары, мэриянын кызматкерлери жана конуш тургундары катышты.