Жолугушуу Бишкектин аймагындагы муниципалдык долбоорлорду ишке ашырууда инвестициалык каражаттар маселесин талкуулоо максатында өткөрүлдү.


Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Малабеков алдыдагы кызматташуу жөнүндө бардык сунуштарды угууга даяр экенин белгиледи.


“Шаардык бюджеттен калааны өнүктүрүүгө тийиштүү каражат бөлүнбөйт. Бул себептен шаарды өнүктүрүүгө инвестиция  тартууга туура келет”,-деп белгиледи вице-мэр.


Кезегинде башкы директор Ли Йонжман катышуучуларга компания тууралуу айтып, эки тарапка тең пайдалуу шартта кызматташууга кызыктар экенин белгиледи.
“Биздин максат инвестиция салуу үчүн шаардын дараметин билүү”,-деди Ли Йонжман.


Жыйынтыгында эки тарап шаардыктар үчүн социалдык турак үйгө багытталган  конкреттүү сунуштар менен жолугушууну сүйлөшүштү.