Жолугушууда конуш тургундарынын көйгөйлөрү, ошондой эле, аймактык тескөөчүлөрдүн калк менен иш алып баруусу талкууланды.


Конуш тургундары укук коргоо органдарынын кызматкерлерине ак кызматы үчүн ыраазычылык билдиришти.


Аталган конуш тургундарынын курч көйгөйлөрүнүн бири дренаждык тармагы көйгөйү айтылып, көп убакыттан бери чечилбей келе жатканын конуш жашоочулары белгилешти. Свердлов райондук администрациясынын башчысы Алтынай Омурбекова бул маселе чечилүү алдында турганын жана жаздын келиши иштер жүргүзүлөөрүн баса белгиледи.


Ошондой эле, жолдорду оңдоо, тротуар, газдаштыруу, канализация, спорттук аянт жана жарыктандыруу маселелери талкууланды.


“Биз 2015-жылдын планына Талаа көчөсүнүн 1,2 км узундугуна асфальт төшөө жана ушул эле көчөгө 30 жарык бергичтер орнотулат. Бюджет бекитилгенлен кийин курулуш иштери башталат”, -деди Бишкек шаарынын мэриясынын Жалпы мамлекеттик капиталдык  курулуш башкармалыгынын башчысы Сталбек Омурканов.


Жолугушууга Бишкек шаарынын вице-мэри Марс Саккараев, Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Кашкар Жунушалиев жана мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери катышты.