Иш-чара Мамлекеттик тарых музейинин залында өткөрүлдү.


Биринчи май райондук администрациясынын башчысынын атынан материалдык жардамдар тапшырылды. Ошондой эле, эстрада жылдыздарынын аткаруусунда аскердик-патриоттук темасындагы концерт тартууланды.


Райондук иш-чарага Афган согушунан ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 14 адам, Афган согушуна катышып көз жумгандардын 6 үйбүлөсү, Баткен окуясынын катышуучулары, Баткен жана Афган согушуна катышкан 168 жоокер, анын ичинде ардагерлер уюмунун жетекчилери катышты.


Райондук бюджетинен материалдык жардам үчүн 339 400 сом көмөк көрсөтүлдү.