Брифинге Бишкек шаарынын мэриясынын Жарнама департаментинин директорунун милдетин аткаруучу Салия Борбиева, Жарнама департаментинин жарнама бөлүмүнүн башчысы Канат Кулуев, Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын юридикалык бөлүмүнүн башчысы Аскар Исаков жана жеке компаниянын дизайнери Нурбек Насыранбеков катышты.

Аталган брифингде Жарнама департаментинин башчысы Салия Борбоиева департамент Муниципалдык менчик башкармалыгы менен биргеликте иш алып барып жаткандыгын жана шаардын тышкы көрүнүшүнө тийиштүү иш-чаралар өткөрүлгөнүн белгиледи.


Инвентаризация жүргүзүү учурунда Жарнама департаменти төмөнкү эреже бузууларды аныктады.
144 ижара мөөнөтү бүткөн жарнамалык конструкция
-81 мыйзамсыз жайгаштырылган жарнамалык щит
- 575 мыйзамсыз майда габариттик конструкция

Бишкек шаарынын мэриясынын Жарнама департаменти ижара мөөнөтү бүткөн ижарачылардын жарнамалары алынып салынды. Бүгүнкү күндө щиттеги 40 жарнама алынды. Ошондой эле, дагы 40 жарнама алдыңкы 5 күндүн ичинде алынат.

Мындан тышкары, бардык мыйзамсыз кичине жана чоң өлчөмдөгү  жарнамалык конструкциялар алынып салынат.

Бишкек шаарынын мэриясынын Жарнама департаменти Шаарды көрктөндүрүү жөнүндө жобосуна ылайык дубалдарга,  мамыларга жана бак-дарактарга жарнама жайгаштырууга тыйуу салынарын эскертет.

БИШКЕК ШААРЫНЫН БАСМА-СӨЗ КЫЗМАТЫ